• 86.99
  • 93.47
  • 0.98

Оштун мэри "БУУ- Аялдар" түзүлүшүнүн Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсран менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 05.12.21. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов "БУУ- Аялдар" түзүлүшүнүн Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсран менен жолугушту.

Ош мэриясынан кабарлашкандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, жергиликтүү бийлик менен калк ортосундагы мамилени бекемдөө багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча талкуу жүрдү.

Шаар башчысы өз сөзүндө гендердик теңчиликти камсыздоодо аталган уюмдун орду чоң экенин белгиледи. Улзийсурен Жамсран бийлик менен элдин ортосунда алаканы күчөтүү багытындагы пландар менен бөлүштү.

Тараптар Ош шаарынын жашоочуларынын кызыкчылыгын көздөгөн иш-аракеттерди күчөтүү келишимине келди.

Пикир

Оставить комментарий