• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Пакистандагы элчи Хайбер-Пахтунхва провинциясынын губернатору менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 23.09.2021. /Кабар/. 2021-жылдын 21-сентябрында Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Пешавар шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын Пакистанстандагы элчиси Уланбек Тотуяев аталган провинциянын губернатору Шах Фармандын кабыл алуусунда болду. Бул тууралуу

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле Борбор жана Түштүк Азия аймактарынын алкагында билим берүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Шах Фарман Хайбер-Пахтунхва провинциясынын экономикалык потенциалы боюнча кеңири маалымат берип, зайтун өстүрүү жана бал өндүрүү сыяктуу жаңы айыл чарба демилгелерине өзгөчө көңүл бурду.

Өз кезегинде, элчи У.Тотуяев Хайбер-Пахтунхванын губернаторуна жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан Пакистан менен бардык деңгээлде жана өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда кызматташтыкты арттырууга даяр экендигин белгиледи. Кыргызстандын эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүгүүгө кызыкдар экендигин өзгөчө белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар үзгүлтүксүз байланышты улантууга макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий