• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

"ЭкоМарафон": Бишкекте көчөлөрдү тазалоодо 50дөн ашык кап таштанды чогулган

Коом 0

Бишкек, 6.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте "ЭкоМарафон" акциясы өтүп, спортчулар шаар көчөлөрүндөгү таштандыларды чогултушкан. Бул тууралуу социалдык тармакка аталган акциянын уюштуруучусу Казбек Мияров жазып чыкты.

Анын айтымында, иш-чара 3-август күнү болуп, "Ала-Арча" соода борбору, Токтоналиев, Медеров, Панфилов, Лев Толстой көчөлөрү жана темир жол бекети тазаланган.

"Таштандылар аябай көп болгондуктан бир саат өтпөй баштыктарыбыз түгөнүп калды. Кайра сатып алууга туура келди. Биз 50дөн ашык таштанды толгон кап чогулттук. Элдердин жагымдуу сөздөрүн угуу биз үчүн кубанычтуу болду, эгер алар бизге кошулса мындан да жакшы болмок", - деп Мияров жазат.

Пикир

Оставить комментарий