• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Польшалык медиктер жугуштуу оорулар ооруканасынын дарыгерлери менен биргеликте бейтаптарга көзөмөл жүргүзүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Польшалык адистер Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында иштеген кесиптештери менен биргеликте бул жерде дарыланып жаткан бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Эки күндөн бери польшалык жана кыргыз адистеринен турган эки топ оорукананын жандандыруу жана башка бөлүмдөрүндө иш алып барууда. Польшалык адистер COVID-19 менен ооруган бейтаптарды дарылоо тажрыйбалары менен бөлүшүүдө. Алар Италиянын Ломбардия провинциясында болуп, коронавирус менен жабыркаган адамдарды дарылоого катышкан.

Польшалык адистер баса белгилегендей, улуттук клиникалык протоколго ылайык жасалып жаткан Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасындагы дарылоонун ыкмалары жана тактикасы туура. Алар белгилегендей, материалдык-техникалык жабдуулар жогорку деңгээлде уюштурулган, бейтаптарды дарылоо үчүн бардык жабдыктар бар.

Оорукананын директору Гүлжигит Аалиевдин айтымында, эки өлкөнүн адистеринин ортосунда өз ара тажрыйба алмашуу да жүрүүдө. Күн сайын адистер бейтаптарды дарылоо тактикасын талкуулап жана өзүлөрүнүн байкоолору менен бөлүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий