• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Премьер: Айрым аймактардагы өзгөчө абал режими аяктап, коменданттык саат жокко чыгарылат

Өкмөт 0

Бишкек, 10.05.20. /Кабар/. Айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими 10-май 24.00дө аяктайт, коменданттык саат жокко чыгарылат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, ал эми 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаалдар режими улана берет.

Абылгазиев буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн кайрылуусунда республика боюнча өзгөчө кырдаалдар режимин узартуу тууралуу билдиргенин айтты.

«Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт. Ошол эле учурда Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында эпидемиологиялык кырдаалдын оордугуна байланыштуу карантин киргизилет. Коронавирус пандемиясынын дүйнөгө жайылышына байланыштуу түзүлгөн абал ар бир жарандан өзүнүн ден соолугуна жана өмүрүнө өзгөчө жоопкерчиликтүү болууну талап кылат. Санитардык-гигиеналык эрежелерди жана аралыкты сактоо боюнча эрежелерди так аткаруунун негизинде гана бул инфекциясын жеңебиз», - деди премьер-министр.

Абылгазиве өз сөзүндө өзгөчө кырдаалдар режимин сактоо ар бир кыргызстандыктан өзгөчө жоопкерчиликти талап кыла тургандыгын баса белгиледи.

Эске салсак, эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын областынын Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылды. Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылды.

Өкмөт COVID-19 вирусунун кесепетинен улам келип чыккан кыйынчылыктарды жеңүү максатында жана экономикалык зыянды азайтуу үчүн экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосу иштелип чыкты. Ага ылайык, 1-майдан тартып айрымдары өз иштерин кайрадан баштады.

Пикир

Оставить комментарий