Бишкек, 27.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-июнда, расмий иш сапары менен Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарына келди, - деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.
Мамлекет башчысынын учагы Ахшабад шаарындагы эл аралык аэропортко конуп, Садыр Жапаровду траптан Түркмөнстандын энергетика министри Чарымурад Пурчеков тосуп алды.
Эл аралык аэропортто Кыргызстан менен Түркмөнстандын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, Ардактуу кароол ротасы тизилген.
Эске салсак, расмий сапарынын алкагында Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар иш-чараларга катышат.
Мамлекет башчысын коштоп жүргөндөрдүн тизмеси менен бул жерден таанышууга болот.
Пикир
Оставить комментарий