• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Сүлүктү шаарында заманбап спорт комплекси ачылды

Аймак 0

Бишкек, 29.05.23. /Кабар/. Баткен облусундагы Сүлүктү шаарында заманбап спорт комплекси ачылды. Күн мурун өткөн иш-чарага УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев катышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Спорт комплексинин курулушу былтыр июнда башталып, сметалык баасы 26 миллионду түзгөн.

Маалыматта айтылгандай, өткөн жылы шаардын спортчуларды президентке кайрылуу жолдоп, спорт зал куруп берүүнү суранышкан. Комплекстин ачылуу аземи ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жаш спортчулар жана тургундар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Камчыбек Ташиев жаш спортчулардын килем үстүндөгү беттешине күбө болуп, жеңүүчүлөргө медалдарын ыйгарды.

Пикир

Оставить комментарий