• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Өспүрүмдүн өлүмү: Билим берүү министрлигинин кызматкерлери Кеминге барды

Коом 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевдун тапшырмасы боюнча министрликтин кызматкерлери Чүй облусунун Кемин районуна барып, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Түлөбаева, Жалил Садыков атындагы №1 орто мектептин директору, социалдык педагог жана класс-жетекчи менен ушул мектептин 9-классынын бүтүрүүчүсү Х.О. өлүмү боюнча жолугушуп сүйлөштү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууга милиция кызматкерлери да катышты. Алар фактылар жана тергөөнүн жүрүшү, ошондой эле коопсуздук жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча өткөрүлгөн профилактикалык иш-чаралар тууралуу айтып берди.

Ички иштер органдарынын жана райондук билим берүү бөлүмүнүн жашы жете электерге карата ушул кылмыш боюнча өз ара аракеттенүү маселелери, кыздын үй-бүлөсүнө жана социалдык абалына тиешелүү маселелер талкууланды.

Азыркы учурда мугалимдер, ушул мектептин жана райондун педагогикалык коомчулугу тарабынан каза болгон кыздын үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий