• 87.12
  • 94.14
  • 0.98

Ысык-Көлдө катамаран менен алыска сүзүп, жээкке чыга албай калган жарандар куткарылды

Кырсык 0

Бишкек, 23.06.21./Кабар/. Ысык-Көлдө катамаран менен алыска сүзүп, жээкке чыга албай калган жарандар куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун Тамчы айылында 17 жаран (аты-жөндөрү такталууда) 5 катамаран менен жээктен 3 чакырым алыстыкка шамал учуруп, жээке чыга албай калып жана 1 кайык менен жергиликтүү тургундар чыгып, күйүүчү майы түгөнүп көлдө калып калган.

Жерине Ысык-Көл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу, ӨКМнин Суучулдар кызматынан 3 суучул кайык менен тартылып, 5 катамарандагы 17 жаранды жана калып калган кайыкка күйүүчү май куюп, көлдүн жээгине чыгарышкан.

Куткарылган жарандардын абалдары канааттандырарлык.

Пикир

Оставить комментарий