• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Статистика: Бүгүн дагы 55 адамдан COVID-19 табылып, 1 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 55 адамдан табылып, 1 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 30, Ошто – 2, Чүй облусунда – 13, Ош облусунда – 1, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 5 кишиден табылган.
Ал эми бир сутка ичинде 56 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте 26, Чүй облусунда – 15, Ош облусунда - 1, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 12 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Чүй облусунда бир адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 333 бейтап, амбулатордук түрдө 307 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 208 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 195 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 87 миң 45 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 980 киши айыгып чыкса, 1 миң 485 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий