• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда дагы 17 адамда коронавирус аныкталды. Жалпы 506

COVID - 19 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 18-апрель саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 17 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Ал билдиргендей, жаңы катталган учурдун ичинен Ош облусунда - 5, Ош шаарында - 1, Нарын облусунда - 11 адам бар. Алардын 4ү аял, 13ү эркек.

Жалпысынан 18-апрелге карата өлкө боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын саны 506 кишиге жетти.

Анын ичинде:

  • Жалал-Абад облусу – 93
  • Ош облусу – 140
  • Ош ш. – 74
  • Чүй облусунда – 28
  • Бишкек ш. – 102
  • Баткен облусунда – 5
  • Нарын облусу – 56
  • Ысык-Көл облусунда – 8. Жалпы катталган учурлардын ичинен – 270 аял, 236 эркек.

Пикир

Оставить комментарий