• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ысык-Ата районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Ысык-Ата районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын декабрь айынын башында Ысык-Ата районунун ИИБине 26 жаштагы Т.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, “Антон” аттуу чала тааныш бала анын ишенимине кирип, автунаасын ижарага алып, ошол боюнча дайынсыз болуп кеткенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББи жана Ысык-Ата РИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 31 жаштагы Ш.А. аттуу жаран кармалган.

Териштирүү учурунда кармалган жарандын автоунааларды арендага алып ошол боюнча дайынсыз болуп жүргөн дагы 2 фактыга тиешеси бар экени аныкталган. Алардын бири Ысык-Ата районунда экинчиси Аламүдүн районунда орун алган. Шектүү жаран ижарага алган унаалардын бирин башка автоунаага алмаштырып жибергени маалым болгон.

Кармалган жарандын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка аланган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий