• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сирияга кетүүгө аракет кылган эл аралык террордук топтун мүчөсү кармалды – УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.04.18. /Кабар/. Кыргызстанда Сирияга кетүүгө аракет кылган эл аралык террордук топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирет.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 4-апрелинде КР УКМК атайын жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө КРдин 1984-жылы туулган “М.К.”, аттуу жараны кармалган.

Маалым болгондой, кармалган жаран эл аралык террордук топтун активдүү мүчөсү. Жасалма документтер аркылуу Сирияга кетүүгө аракет кылган.

Аталган факты боюнча УКМКнын тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголду. Кармалган жаран КР УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда иликтөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий