• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Статкомдун төрагасынын биринчи орун басарлыгына Айнура Орозбаева дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Президенттин тескемесине ылайык, Орозбаева Айнура Джантаевна КР Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүн, 2-февралда, президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Алтынбек Эргешов Улутстаткомдун эмгек жамаатына төраганын жаңы биринчи орун басарын тааныштырды.

Эргешов Айнура Орозбаеванын мамлекеттик кызматтагы зор тажрыйбасын белгилеп, жаңы кызматына ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов Айнура Орозбаева өзүнүн топтогон тажрыйбасы менен статистика органдарынын алдында турган жаңы максаттарды жүзөөгө ашырууда кесипкөйлүгүн көрсөтө аларына ишене тургандыгын билдирди.

Президенттин башка тескемесине ылайык, Самат Насирдинов өз каалоосу менен Улутстакомдун төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий