• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Сугат айдоо жерлерине турак үйлөрүн куруп алгандардын маселелерин чечүүгө багытталган мыйзам долбоору ЖКга жөнөтүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 04.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын «Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына («Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине,) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-июнундагы №297 токтому менен жактырылып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Аталган Мыйзам долбоору 2009-жылдан 2018-жылга чейин сугат айдоо жерлерине турак үйлөрүн куруп алган жана жеке менчик укугуна мамлекеттик актылары бар жарандардын маселелерин чечүүгө багытталган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-январындагы №12-б буйругу менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жыйынтыгында 1711,80 га жер аныкталып, 11 300 үй-бүлөнүн социалдык багыттагы көйгөйлүү маселелери чечилет.

Жарандар жерлерин мыйзамдаштырган соң алардын балдарды бакчага, мектепке берүү маселелери чечилет жана өздөрүнүн туруктуу жашаган дареги аныкталат. Жыйынтыгында жер ээлери жарандык укукка ээ болушат.

Пикир

Оставить комментарий