• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Түркмөнстандын түндүгүндө мал жандыктары кырылууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.12.17 /Кабар/. Дашогуз облусунун көптөгөн райондорунда акыркы бир нече айда белгисиз жугуштуу илдеттен улам мал жандыктары кырылууда. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы билдирүүдө.

"Илдет жугузган мал бир жума жашабай, тез өлүп калууда. Алгач теринин алдында өрүктүн данегиндей шишик пайда болууда. Мал жем-чөп жебей, бутунан тура албай жан берүүдө", - деди дашогүздүк жашоочулардын бири.

Жергиликтүү ветеринарлар дагы бул вирусту аныктай албай жатышканы кабарланууда. Буга байланыштуу эмдөө иштери жүргөн жок.

"Эмне кылышты билбей калдык. Малыбыз кырылууда. Ылаңдаган малдын этин жана сүтүн сатуу коркунучтуу, элге оору жуктуруп алышыбыз мүмкүн. Бийлик өкүлдөрү вирус аныкталса гана жардам беришерин айтышты", - деди дагы бир жергиликтүү тургун.

Былтыр жыл соңунда Түркмөнстандын бир нече аймактарында мал жандыктары жана үй канаттуулары сибир кулгунасынан кырылганы маалымдалган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий