• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Тайырбек Жумашбек уулу жаштар арасында дүйнө чемпионатында күмүш байгенин ээси болду

Спорт 0

Бишкек, 24.10.22. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Тайырбек Жумашбек уулу 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпионатында күмүш байгенин ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Тайырбек Жумашбек уулу эркин күрөш боюнча Испаниянын Понтеведра шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатына 61 кг салмакта катышты.

Спортчу алгач америкалык балбанды 9:0 эсебинде, колумбиялык балбанды 11:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан. Жарым финалда түркиялык спортчуну 5:0 эсебинде жеңди. Ал эми финалдык беттеште армениялык балбандан жеңилип, 2-орунду ээледи.

Эскерте кетсек, Бекзат Алмаз уулу дагы 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды.

Пикир

Оставить комментарий