• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери жолугушту

Саясат 0

Ташкент, 05.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 5-ноябрь күнү Ташкент шаарында Кыргызстан тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов жолугушту. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Жолугушуу учурунда министрлер Кыргызстан менен Өзбекстандын саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-коммуникациялык, суу чарба жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтык маселелерин талкуулашкан.

Ошондой эле министрлер коронавирус боюнча кырдаалды, COVID-19га каршы күрөштө кызматташуу маселелерин талкуулашкан.

Пикир

Оставить комментарий