• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Тажикстанда COVID-19 курмандыктары 80 кишиге жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.10.20. /Кабар/.Тажикстанда коронавирус инфекциясынан өлгөн кишилердин саны 80ге жетти. Өткөн суткада дагы бир бейтап көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, 15-октябрга карата COVID-19 вирусун жуктургандар 10 миң 374 кишини түздү. Бир күндө 38 жаңы учур катталды. 9317 киши же ооругандардын 89,9% айыкты.

Бирок тажикстандыктар чыныгы сан мындан алда канча көп деп эсептейт.

Тажикстан 2020-жылы 30-апрелде өлкөдө коронавирус инфекциясы бар экенин мойнуна алган. Өлкөдө дагы деле беткап режими сакталууда. Беткапсыз жүргөндөргө айыппул салынууда.

Бийлик июнь айында коронавирус инфекциясын жуктурган учурлар азайганын жарыялаган. 15-июнда Тажикстанда соода жана оюн зоок борборлору, базарлар, ресторандар, сулуулук салондору, мейманканалар жана спорткомплекстер, мектептер, жогорку окуу жайлар иштеп баштаган, үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрүүгө уруксат берилген.

Пикир

Оставить комментарий