• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 8 млн куб метрди түздү

Коом 0

Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 1-сентябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 8 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 31-август – Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө суу сактагычтагы суунун көлөмү 12 млрд 1 млн куб метрге жеткен.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.

Пикир

Оставить комментарий