• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

УКМК: Бишкектин Октябрь райондук билим берүү борборунда коррупциялык факт аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.10.20. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек шаарынын Октябрь райондук билим берүү борборундагы коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин тергеп жатат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь райондук билим берүү борборунун мурунку айрым кызматкерлери, жергиликтүү бюджеттин каражаттарын өзгөчө ири өлчөмдө ээлеп алууда, Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь административдик району боюнча муниципалдык администрациясынын орун басары Т.К., Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Октябрь райондук башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Н.С. менен жең учунан сүйлөшүп алып иш алып барып жүргөндүгү аныкталды.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук Билим берүү борборунун ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлгөндө Бишкек шаарынын мэриясынын бюджетине алдын ала эсептөөлөр боюнча 90 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген.

2020-жылдын 21-октябрында сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү (Коррупция) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азыркы учурда бул кылмыш иш боюнча тиешеси бар адамдарды жана кылмышка катышкан бардык адамдарды аныктоого багытталган комплекстик ыкчам-тергөө иш-чаралар жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий