Кыргызстан көз карандысыздыгын жарыя кылганда Германия Европа өлкөлөрүнөн ичинен биринчилерден болуп Кыргызстандын көз карандысыздыгы менен суверенитетин тааныган.
Андан бери Кыргызстан менен Германиянын ортосунда ар кандай тармактарда экономикалык кызматташтык боюнча көптөгөн келишимдер жана макулдашууларга кол коюлган. Мындай бир катар мамлекеттер аралык кол коюлган документтер Кыргызстандын тышкы саясатында Германия менен мамилелер жакшы нукта өнүгүп жаткандыгын айгинелейт.
Бүгүнкү күндө Германия Кыргызстан үчүн негизги донорлордун бири болуп саналат. «Германиянын өнүгүү саясаты» деп аталган программанын алкагында Кыргызстан менен Германиянын бул жааттагы мамилелери өнүгүп, Европа өлкөсү Кыргызстанга техникалык жана каржылык жардам берип келет.
Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттары - жеке ишкерликти, саламаттыкты сактоону, энергетиканы, билим берүүнү, туризмди жана айыл чарбаны өнүктүрүү болуп саналат. Дал ушул тармактар Германиянын жеке фирмаларын жана инвесторлорун кызыктырып келген да сыр эмес.
Кыргызстанга болгон мындай кызыгууга дагы бир позитивдүү фактор көмөк көрсөтүп жатат десек болот. Бул - 30 жылдан ашык мезгилде Кыргызстандан 80 миңге жакын немис жарандары кеткен. Алар кыргыз элинин менталитетин, республиканын экономикалык потенциалын жакшы билгендер. Алар да эки өлкөнүн достук мамилелерин жана экономиканы өнүктүрүүгө көмөктөшкөн байланыштарды бекемдейт.
Бирок, алгач эки тараптуу кызматташтыктын алдыга жылышы ар кандай себептер менен басаңдап турганы чындык. Мисалы, Кыргызстанга Германиядан келген жабдуулар учүн кредиттер төлөбөй калган учурлар болгон. Албетте, бул ошондогу бийликке болгон ишеним төмөндөп, терс таасирин тийгизген.
Бүгүн башка мезгил, дүйнөдө глобалдуу өзгөрүүлөр жүрүп жатат, Борбор Азия дүйнөлүк геосаясатта чоң роль ойной турган аймакка айланууда. Ал эми, Кыргызстан кайра жаралуу, өнүгүү жолунда. Бүгүнкү Кыргызстан тышкы мамиледе мурдагыдай суранбай, тең ата сүйлөшүп, өз кызыкчылыгын коргогон, ишенимдүү өнөктөш боло баштады.
Мына ушундай маанайда Садыр Жапаров Европадагы экономиканын жана саясаттын борбору саналган Германияга менен Австрияга расмий сапарларын жасады.
Садыр Жапаров Вена шаарында Австриянын Федералдык президенти Александр Ван Дер Беллен менен жолугушууда прагматикалык жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты куруунун маанилүүлүгү тууралуу айтты.
«Биз Австрия менен достук мамилелерди жогору баалайбыз жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө умтулабыз. Менин иш сапарым жана биздин бүгүнкү сүйлөшүүлөрүбүз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы эки тараптуу мамилелердин бардык спектрин сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгарууга кызмат кылат деген ишенимди билдирем», - деп баса белгиледи биздин президент.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө гидроэнергетикага өзгөчө басым жасалды. Мамлекет башчысы Камбар-Ата 1 долбоорунун стратегиялык маанисин белгилеп, Кыргызстандагы 50 чакан жана орто ГЭСтердин курулушуна токтолду. Алардын айрымдары бүткөрүлүп, ишке киргизилгенин айтты. Садыр Жапаров австриялык компанияларды бул долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды.
Ошондой эле, мамлекет башчы туризмди өнүктүрүү жаатындагы олуттуу потенциалга токтолуп, жылына 850 миңге чейин туристти кабыл ала турган Борбордук Азиядагы эң ири Кыргыз Куршевел лыжа кластеринин курулушу башталганын айтты. Ал Австрия менен бул жаатта тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди.
Австриянын Федералдык канцлери Карл Нехаммер менен сүйлөшкөндө, биринчиден, экономикалык өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, Кыргызстан менен Австриянын өнөктөштүгүн тереңдетүү багыттары белгиленди. Ошондой эле, саясий диалогду бекемдөө, соода-экономикалык чөйрөдө кызматташуу, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Ошондой эле, Кыргызстандын президенти Австриянын Улуттук кеңешинин төрагасы Вальтер Розенкранц менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасоо менен, эки тарапты кызыктырган актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты.
Садыр Жапаровдун Европадагы кийинки расмий иш сапары Берлинге болду. Германиянын борборунда Кыргызстандын лидери Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана канцлер Олаф Шольц менен жолугушту. Европа Биримдигинин саясий оор салмактагы өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр гуманитардык маселелерден баштап, жашыл күн тартибине жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшкө чейин кеңири темаларды камтыды.
Кыргызстандын башчысы Европа Биримдиги менен өнөктөштүктү өнүктүрүү, өлкөнүн тышкы саясатында маанилүү орунду ээлей турганын белгиледи. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Европа Биримдиги менен Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык келишимине кол коюлушу Евробиримдик менен да, Германия менен да саясий диалогду жана кызматташтыкты мындан ары чыңдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөөрүн белгиледи.
Буга чейин Кыргызстан менен европалык өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсү боюнча биргелешкен экономикалык программалар анчалык масштабга ээ болгон эмес, азыр немис бизнеси Кыргызстанды кайрадан ачып, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү изилдеп жаткандай. Ошондуктан Берлинде кол коюлган эки электр энергиясын иштеп чыккан станцияларды куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча келишим, кызматташтыкты өнүктүрүүгө карай олуттуу кадам деп атоого болот. Суу үстүндөгү калкып жүрүүчү күн электр станциясы Токтогул суу сактагычында жайгашат. Кыргызстанга жумшала турган жалпы инвестициянын көлөмү 650 миллионго жакын долларды түзөт.
Мындан тышкары, Кыргызстан менен Германиянын бийликтеринин ортосунда билим берүү, саламаттыкты сактоо, айыл чарба жана туризмди өнүктүрүү тармактарында кызматташууну кеңейтүү боюнча макулдашууларга жетишилди. Бул багыттардагы мамилелерди өнүктүрүүгө болгон даярдык, биргелешип кол коюлган документтер менен бекемделди.
Немис лидерлери менен биргеликте ири инфраструктуралык долбоорлор тууралуу сөз кылган Садыр Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун дагы бир жолу эске салды. Албетте, булар башка деңгээлдеги жана көлөмдөгү инвестициялар, бирок алар Борбордук Азияны өнүктүрүү үчүн гана эмес, бүткүл Евразия континенти үчүн да мааниге ээ боло турган долбоор.
Жаңы аймактык транспорттук алкак курулууда, өнүгүүнүн жана экономиканын жаңы борборлору калыптанууда, буга Европа өлкөлөрү кызыкдар болушу керек. Ошондуктан эксперттер Евробиримдиктин лидерлери, күн тартибин түзүүдө жана аныктоодо, Кыргызстандын президентин жөн эле угуу эмес, анын айткандары маанилүү экенин баамдап, аң-сезимдерине түйүп алыш керек.
Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий