• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Виктория Мозгачева блокаданын ардагерлеринен кабар алды

Коом 0

Бишкек, 28.01.24./Кабар/. Ленинграддын фашисттик блокададан толук бошотулушунун 80 жылдыгына карата Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева блокаданын ардагерлеринин үйүнө барды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мэрдин орун басары Улуу Ата Мекендик согушта блокададан аман калып, кийин тагдырдын буйругу менен Советтик Кыргызстанга келген блокада ардагерлери Валентина Бережнова жана Константин Скуин менен жолугушту.

Бережнова Валентина Александровна 1937-жылы Ленинградда туулган, эвакуацияга чейин ошол жерде жашаган. 1957-жылы Кыргызстанга көчүп келген. Башкириянын Нижний-Троицк айылында «токуучу» болуп иштеген. Кыргызстанда алгач курулушта лаборант болуп иштеп, кийин кир жуучу жайга өтүп, 32 жыл эмгектенген.

Скуин Константин Эдуардович 1938-жылы Ленинград шаарында туулган, 1943-жылы апасы, бир тууганы жана эки эжеси менен Башкырт АССРине эвакуацияланган. 1962-жылы Кыргыз ССРиндеги Башкыртстандан Советтик Армиянын катарына Фрунзе шаарына чакырылган.

Учурда Ленинград блокадасынан аман калган 7 адам шаардын социалдык өнүктүрүү органдарында каттоодо турат. Калган блокадачыларга райондун акимдери барышты.

Белгилей кетсек, "Согуштун, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" КР мыйзамынын негизинде республикалык бюджеттин каражатынан Ленинград блокадачыларына жеңилдиктердин ордуна ай сайын 7 миң сом акчалай жөлөк пул, КР президентинин стипендиясы 10 миң сом өлчөмүндө төлөнөт. КР президентинин жарлыгынын негизинде жыл сайын 9-майга карата 100 миң сом өлчөмүндө төлөм жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий