• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Ысык-Атада телефон зымдарын уурдаган адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.12.19. /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районунда телефон зымдарын уурдаган адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, буга чейин райондук милиция бөлүмүнө телефондун чубалгылары уурдалды деген факты боюнча билдирүү келип түшкөн. Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Келтирилген зыяндын көлөмү 20 миң сомду түзгөн.

Аталган кылмышка шектүү деп Чүй облусунун тургуну 28 жаштагы Р.С., аттуу жаран кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө ал күнөөсүн моюнуна алган. Белгилүү болгондой, аталган кылмышты ал жалгыз эмес, П.С., аттуу жаран менен биргеликте жасаган. Учурда экинчи адамдын өздүгү такталууда. Аталган жарандар башка кылмыштарга тиешелүү экендиги да аныкталды.

Шектүү убактылуу кармалуучу жайга жеткирилип, сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Пикир

Оставить комментарий