• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ысык-Көлдөгү “Кыргыз деңизи” санаторийинин фасады оңдолуп, заманбап спорт зал салынат

Коом 0


Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Ысык-Көлдөгү “Кыргыз деңизи” санаторийинин фасады оңдолуп, спортчулары үчүн заманбап спорт зал салынат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, мындан тышкары, айрым корпустары капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, туристтер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

"Буга чейин “Кыргыз деңизи” санаторийинде кыйрап калган бассейн заман талабына ылайык жаңыланып жасалып, эми жыл бою элди кабыл алат. Аталган санаторий Президенттин Иш башкармалыгына өткөндөндөн кийин кирешеси мурдагыга салыштырмалуу 9 эсе өстү. Президент Садыр Жапаровдун туура саясатынын негизинде эски имараттар оңдолуп, санаторийлердин киреше бөлүктөрү көбөйүүдө", - деди Туманбаев.

Пикир

Оставить комментарий