• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Ысык-Көлдө сел жүрдү

Кырсык 0


Бишкек, 30.07.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-июль күнү таңкы саат 04:30дар чамасында Балыкчы шаарында жана Тоң районунун Кескен-Бел ашуусунда, Кара-Тала, Оттук айылдарында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Селдин кесепетинен турак үйлөрдү суу каптап, ички чарбалык жолдор жана арыктар кум-шагылга толгон.

Азыркы учурда Балыкчы шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 15 куткаруучу 2 атайын техника жана Тоң районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 20 куткаруучу тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Жабыркагандар катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий