• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Өзүм билемдик менен курулган үйлөрдүн баары мыйзамдаштырылбайт — Мырзаев

Коом 0


Бишкек, 24.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда өзүм билемдик менен курулган үйлөрдүн баары мыйзамдаштырылбайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Абдулат Мырзаев билдирди.

Нет описания.

Анын айтымында, 2021-жыл башынан бери мыйзамсыз салынган турак жайларды трансформациялоо боюнча президент тарабынан тапшырма коюлган.

“Тапшырманын негизинде бир топ иштер аткарылды. Кыргызстандын аймагында 13 миң гектардан ашык жерде мыйзамсыз үйлөр курулган. Кайра тактоо иштерин жүргүзгөндө бул көрсөткүч эки эсе көп болуп чыкты. Өзүм билемдик менен курулган үйлөрдүн баары мыйзамдаштырылбайт. Анткени полигонго, мүрзөгө, суу алып кете турган жерге, газ түтүктөрү же электр чубалгалары өткөн мамычалардын алдына куруп алган үйлөр жок эмес. Алдын ала маалыматка карганда, бул сыяктуу үйлөр курулган жердин аянты 2 миң гектарга жакын болууда. Жумуштарды аткаруу боюнча атайын мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкуудан өтүп, парламентте каралууда. ”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий