• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында көмүрдүн тоннасын 5 миң сомдон сатуу уланууда

Аймак 0

Бишкек, 10.12.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында көмүрдүн тоннасын 5 миң сомдон сатуу уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көмүр Жалал-Абад шаары Курманбек көчөсү, 6 дареги боюнча сатылууда.

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков суроо-талапка жараша көмүр үзгүлтүксүз негизде ташылып турарын белгиледи.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаровдун элди арзан баадагы көмүр менен камсыздоо боюнча тапшырмасы менен Жалал-Абад шаарында көмүрдүн тоннасын 5 миң сомдон сата турган жай уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий