• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жапаров менен Токаев телефон аркылуу сүйлөштү – эмнени талкуулашты?

Президент 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 18-майда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин телефондук сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигине мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Президент Садыр Жапаров кыргыз тараптын стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө, Казакстан менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө даярдыгын билдирди.

Өз кезегинде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго куттуктоосу жана жылуу каалоолору үчүн ыраазычылык билдирип, боордош өлкөлөр ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий