• 86.94
  • 93.43
  • 0.98

Кулубаев Сауд Аравиясынын айыл чарба министри менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 21.06.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Эр-Рияд шаарында Сауд Араб Падышалыгынын Айлана-чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министри Абдурахман бин Абдулмухсин Аль-Фадли менен жолугушту.

КР ТИМи билдиргендей, тараптар ортодогу кызматташтыктын жогорку динамикасын канааттануу менен белгилешип, өз ара аракеттенүүнүн бардык тармактарында кызматташууну тереңдетүү боюнча мындан аркы кадамдарды белгилешти.

Эки өлкөнүн соода мамилелерин өнүктүрүүгө, ошондой эле үстүбүздөгү жылы биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын жана Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган түрдүү иш-чараларды өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Министр Кулубаев кыргыз тараптын САПка ата мекендик өндүрүштөрүн экспорттоону көбөйтүүгө кызыкдар экенин белгилеп, эки өлкөнүн ортосунда түз үзгүлтүксүз аба каттамдарын эртерээк ачуу зарылдыгына токтолду.

Тараптар ошондой эле эл аралык күн тартибинин маанилүү маселелери, анын ичинде азык-түлүк коопсуздугу жана гуманитардык кризис боюнча пикир алмашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга күч-аракеттерди жумшоону жана дайыма байланышта болууну макулдашты.

Белгилей кетсек, Абдурахман бин Абдулмухсин Аль-Фадли соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-сауд өкмөттөр аралык комиссиясынын саудиялык тараптан теңтөрагасы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий