• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жээнбеков менен Назарбаев Астанада жолугушат

Президент 0

Бишкек, 14.03.18. /Нуркыз Сабырова - Кабар/. Кыргызстан менен Казакстандын президенттери Астанада өтө турган Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын биринчи консультациялык жолугушуусунун алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Бул тууралуу КР президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков брифингдин алкагында билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев кыргыз-казак кызматташтыгындагы маанилүү маселелерди талкуулашмакчы. Ал өз кезегинде бардык багыт боюнча эки тараптуу кызматташууга жакшы өбөлгө түзөт.
Сыдыков ошондой эле жолугушуунун аягында ЖМК өкүлдөрүнүн алдына билдирүү менен бир гана Казастандын президенти Назарбаев чыга тургандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий