• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жергиликтүү кеңеш депутаты болуп турган жылдар эмгек стажысы катары саналса деген сунуштар айтылууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.03.18. /Кабар/. Бүгүн, 6-мартта “Айылдык кеңештерде аялдар үчүн 30%дык квота” аттуу Кыргызстан аялдарынын улуттук форуму болуп өттү. Иш чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Президенттин жана Өкмөттүн парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана республиканын бардык аймактарынан чакырылган жергиликтүү кеңештердин100дөн ашуун аял депутаттары катышты. Жыйында айылдык кеңештерде мандаттардын 30%ын аялдар үчүн резервге калтыруу маселеси талкууланды. Бул багыттагы пикири менен бөлүшүп, форумдун айрым катышуучулары “Парламент” радиосунун да түз эфиринде болушту.

Жергиликтүү кеңештин депутаттары коомдук иш катары эл көйгөйүн чечип, бир тыйын айлык акы албастан туруп патриоттук дух менен иштей беришет. Кур дегенде алардын мээнети текке кетпеси үчүн алардын жергиликтүү кеңеш депутаты болуп турган жылдарын эмгек стажысы катары санап койсо жакшы болмок, - дейт улуттук аялдар форумунун катышуучусу, Кадамжай районундагы Көтөрмө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Майрамкан Айдарова.

Жергиликтүү кеңештерге ошол аймактын эли көптөгөн суроолор менен кайрылышат. Аларга жооп берүүнүн мөөнөтү жумушчу эки жумалык убакытты алат. Бул багытта Жалал-Абад областынын Токтогул районунун Үч-Терек айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары Жылдыз Тойтиева өз аймагындагы иш ыргагы тууралуу айтып берди.

Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Сары –Булак айылдык кеңешинин төрайымы Роза Шаймолдоева жергиликтүү кеңештердин аймактардагы ролу, бюджеттин туура бөлүштүрүлүшү тууралуу өз айылынын мисалында жасалып жаткан иштерди санап берди. Алардын катарында айылдарды жарыктандыруу иштери көзгө көрүнөөрлүк жумуштардын бири болуп калды, - дейт студия мейманы.

Нарын областынын Кочкор районунун Кочкор айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Бурул Кыйырова да улуттук аялдар форумунун делегаты. Ал дагы айыл жергесиндеги жергиликтүү бюджетти колдонуу менен чечилип жаткан иштердин бири катары мектеп окуучуларынын көйгөйлөрүн жеңилдетүүчү кадамдарды атады. Мисалы, аралыгы 5 чакырымга чейинки алыстыктан барып – келип окуган окуучулардын транспорт маселеси да жергиликтүү бюджетти колдонуу менен чечилгендиги жакшы жылыш болуптур.

Пикир

Оставить комментарий