• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өткөрүүдө атайын алгоритм иштелип чыккан - Акматова

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 23.03.21. /Кабар/. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өткөрүүдө атайын алгоритм иштелип чыккан. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги БШК менен бирге 11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумду өткөрүүдө санитардык коопсуздукту, жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу боюнча иш аракеттеринин атайын алгоритмин иштеп чыккан.

"Алгоритм жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бардык мамлекеттик органдарынын шайлоочулардын тизмесин түзүү жана уюштуруу процессине, добуш берүүгө бир күн мурун, добуш берүү күнүндөгү иш аракеттерге, ошондой эле ЖМК, жеке жана юридикалык жактарга карата милдеттүү талаптарды камтыйт", - дейт ал.

Алар:

• аймактык шайлоо комиссияларына коюлган талаптар;
• шайлоо алдындагы үгүт иштерине коюлган талаптар;
• сырттан добуш берүү үчүн талаптар;
• шайлоо күнүнө коюлган талаптар;
• добуш берүүчү жайларга талаптар;
• добуш берүү процессине коюлган талаптар;
• шайлоочулар үчүн атайын сунуштар.

Пикир

Оставить комментарий