• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна сегиз саат ичинде 17 кайрылуу түштү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 28-ноябрь, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнүндө Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна 17 кайрылуу түштү. Бул тууралуу БШКнын Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун жетекчиси Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди.

Анын айтымында, түшкөн кайрылуулар ИИМге жиберилди, аларга карата тиешелүү юридикалык баа берилет.

“Жалпы 17 кайрылуунун экөө добуш сатып алуу, бешөө үгүт иштериндеги эреже бузуу, бирөө шайлоочуларды ташуу, бирөө шайлоо эрежелерин бузуу, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө карата 3 арыз, бешөө автоматтык эсептөө урналарындагы көйгөй боюнча түшкөн. Аймактар боюнча, Бишкектен бир, Баткенден үч, Жалал-Абаддан бир, Ысык-Көлдөн бир, Ош облусунан эки, Чүй облусунан тогуз кайрылуу келген”, - дейт Шайназаров.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрда, саат 08:00дөн баштап өлкө аймагында жана айрым чет өлкөлөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүүдө.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.

Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 286 талапкер ат салышууда.

Пикир

Оставить комментарий