• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

ЖКККББ: Бир жумада өлкө аймагында 161 мас айдоочу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 12.06.23. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы жумада 18 миң 627 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 229;
- мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу - 161;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 36;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 423;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-5288;
- авто ээнбаштык - 11;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу- 2940;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 3;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 9539;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1218 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий