• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бүгүн кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Меккеге жөнөп кетти

Коом 0

Бишкек, 12.06.23. /Кабар/. Бүгүн кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Меккеге жөнөп кетти. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ар бир учуучу топто 672 ажы сапар алып, аларды 15 ажы башчы коштоп барат.

Ал эми ажылардын акыркы тобу 21-июнда Ош-Жидда багыты боюнча Сауд Аравияга жөнөп кетишет. Быйыл Кыргызстандык ажылардын саламаттыгына 20 дарыгер көз салат.

Быйылкы жылы кыргызстандык ажыларды Jazeera авиакомпаниясы тейлөөдө.

Белгилей кетсек, быйылкы ажылык сапарына Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлүнгөн. Ажылыктын баасы 3900 долларды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий