• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жол кирени көтөрүү: MegaPay аркылуу төлөөдө жол кире акысы 11 сомду түзөт

Коом 0

Бишкек, 18.01.24. /Кабар/. Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 30-январынан тарта коомдук транспортто жол кире акысы көтөрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, накталай эмес төлөм жүргүзүүдө троллейбус жана автобустарда жол кире 17 сомду түзөт, ал эми валидатор орнотулган автобустарда жана троллейбустарда жол кире акысын накталай акча менен төлөөдө 20 сомдон алынат. Ошондой эле маршруткаларда жол кире акысы 20 сомго көтөрүлөт.

Ошол эле учурда жарандар автобус же троллейбуста жол кире акысын MegaPay тиркемеси аркылуу төлөшсө, жол кире акысы 11 сомду түзөт, анткени MEGA мамлекеттик ишканасы муниципалитетке 6 сомду кайтарып берет.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы MEGA мамлекеттик ишканасы менен меморандум түзгөн, муниципалитет ошондой эле башка кызыкдар компаниялар менен кызматташууну пландап жатат.

Белгилей кетсек, жаңы тариф борбор калаанын пенсионерлерине эч кандай таасир этпейт жана алар үчүн мурдагыдай эле калат. Алар муниципалдык транспортко (автобус, троллейбус) акы төлөөдөн толугу менен бошотулган, ал эми кичиавтобустарда 8 сомдон жеңилдетилген тариф менен төлөшөт.

Учурда автобус жана троллейбуста жол кире акысы 11 сомду, маршруткаларда 15 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий