• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

1-апрель. Республикалык штабдын саат 21:00гө карата маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. 2020-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда COVID-19 коронавирусун жуктуруунун 4 жаӊы учуру катталды.

Алардын ичинен;

-Жалал-Абад шаарында – 1, Сузак району – 1, Кара-көл шаарында – 1 учур жана Чүй облусу – 1 учур бар. Бардыгы болуп республика боюнча 111 тастыкталган учур бар. Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 59 аял, 52 эркек.

-Жасалма дем алдыруу аппаратында жаткан бейтап учурда өз алдынча дем алып калды. Бирок, жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек, азыр абалы орто-оор.

-COVID-19 вирусу лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 6028 (эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө байланышта болгондордун саны өзгөрүшү ыктымал).

-Өлкө боюнча обсервацияда – 1588 адам болууда.

-Үй карантинин сактабаган Түп районунун Ысык-Көл айылынын чет өлкөлөрдөн кайтып келген 8 тургуну милдеттүү түрдө обсервацияга алынды. Алар үй карантиндин шарттарын бузгандыгы үчүн коронавирустун жайылышын болтурбоо максатында облустук ыкчам штабынын чечими менен жалпы айыл эли изоляцияга алынды.

-ӨКМдин 112 Бирдиктүү нөөмөт кызматы жарандардын чалууларын күнү-түнү кабыл алууда.

-Өткөн сутка ичинде 10 000 чалуу келип түштү, алардын ичинен 1385 чалуу коронавирус боюнча. Көбүнчө чалуулар максатсыз болууда.

-Туризм-2020 Кыргызстанда 80%га төмөндөп кетиши мүмкүн, мындай божомолду КР Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди. Анын айтымында, мындай божомолдор коронавирустун жайылышынан улам бир гана биздин өлкөдө эмес, дүйнө жүзү боюнча күтүлүүдө.

-"Карантинге байланыштуу, биз үй-бүлөлүк зомбулуктун көбөйүшүнө туш болдук, жарандар психологиялык жардамга муктаж. 111 номери аркылуу жарандар жардам менен кайрылышса болот ", - Социалдык өнүгүү министрлиги.

-Азыркы күндө Кыргызстан азык-түлүктөрдүн жана товарлардын жетиштүү көлөмү менен камсыз болууда. Ички базарда күн сайын баалар көзөмөлдөнүп, баалардын кескин түрдө көтөрүлүшү байкалган жок. Бир гана кээ бир азык-түлүк продуктуларынын жаңы түшүмгө чейинки баалардын мезгилдик көтөрүлүшү байкалууда.

-2020-жылдын 31-мартына (саат 17.00) карата, Кыргызстандын аймагындагы коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча иш-чаралар үчүн түшкөн ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегерүү үчүн ачылган администрацияланган эсепке жалпысынан 69 млн. 479 миң 853 сом акча каражаттар түштү. Ачылган эсептер жөнүндө маалыматтар КР Финансы министрлигинин сайтында жайгашкан.

-“Элдик жардам штабы муктаждарга даректүү тамак-аш жеткирүү жана таратуу боюнча ыктыярчылар үчүн кыска курстарды өткөрөт. Бүгүнкү күндө 500-600дөн ашык адамга окутуу жүргүзүлдү , ошондой эле 150-200 айдоочу окуудан өттү. Муктаждардын тизмеси күн сайын толукталып иштелип чыгууда", - деп билдирди КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин орун басары Мирлан Парханов.

-Өзгөчө абал режими учурунда чектөөлөрдү сактоону көзөмөлгө алуу күчөтүлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. Ал Коопсуздук кеңешинин чакан курамда өткөн жыйынында бир катар тапшырмалар жана сунуштар берилгенин белгиледи.

-"Күн сайын 100дөн кем эмес тартип бузуучулар кармалып жатат. Бул жакшы эмес, биз бул көрсөткүчтү 0гө чейин азайтышыбыз керек. Жарандардын коопсуздугу ушундан көз каранды, ошондуктан мен шаардыктарга кайрылам, коменданттык саатты жана карантиндик-санитардык эрежелерди бузбаңыздар. Эске салсак, мыйзам бузуулар үчүн тийиштүү чаралар колдонулат", - деди Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев.

Пикир

Оставить комментарий