• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

1 миңге жакын ыктыярчылар Ысык-Көлдүн жээгиндеги таштандыларды тазалашат

Коом 0


Бишкек, 24-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. 1 миңге жакын активисттер “Таза Ысык-Көл” акциясынын алкагында Ысык-Көлдүн жээгиндеги таштандыларды тазалоого катышышат. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында уюштуруучулар билдиришти.

“Эко Деми” коомдук фондунун негиздөөчүсү жана “Жашыл Билик” КФ директору Дмитрий Андреевдин айтымында, 27-28-майда акцияга катышууну каалагандар Ысык-Көлгө жиберилет. “Локациянын негизинде 20 айыл жана Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол шаарларынын көл жээктерин тандап алдык. Акциянын максаты - таштандылар толуп калган коомдук жайлар жана Ысык-Көл облусунун көл жээктерин тазалоо”, - деп билдирди Д.Андреев.

Ошондой эле, ал акцияны өткөрүүгө жергиликтүү бийлик органдары жана жергиликтүү эл менен биргеликте өткөрүү пландалып жатканын белгиледи. “Биз таштандыларды жөн гана чогултпастан, аларды желим, айнек, темир жана органикалык таштандыларга бөлөбүз”-деп билдирди Д.Андреев.

Өз кезегинде “Эко Деми” КФ президенти, коомдук ишмер, Норвегия Королдугунун ардактуу консулу, “Курак” аялдар бирикмесинин мүчөсү, жеке ишкер, Rotary Club of Bishkek экс-президенти Айжан Чыныбаева белгилегендей, буга чейин 2 акция өткөрүлүп, 15 тонна таштанды тазаланган. “Биз ыктыярчылар менен биргеликте 6 жээк, 20 км ашык жерди тазадык”, - деп билдирди ал.

А.Чыныбаева бул жолку акцияны көптөгөн компаниялар колдоошорун айтты. “Айта кетчү нерсе келечекте “Таза Бишкек” акциясын уюштуралы деп турабыз. Борбор калаабызды таштандылардан тазалап, тургундарды тазалыкка чакырабыз”, -дейт ал.

Андан тышкары CSR Central Asia , «Корпоративдик социалдык жоопкерчилик» агенттигинин өкүлү Олеся Палова, белгилегендей, 26-майда жергиликтүү органдар менен биргеликте пансионаттын ээлерине, кызыкдар адамдарга эко-тренинг өтөт. “Биз каржылык жана экологиялык туруктуулукту сактап калууну шарттаган туруктуу саясат курууга жардам беребиз. Ошондой эле, жашыл стандарттын киргизилиши, тактап айтканда, Кыргызстанда колдонууга болгон жашыл кеңсе, жашыл мейманкана тууралуу беребиз”, - дейт О.Попова.

Катышуучуларды чогултуу 27-майда саат 07.00де “Достук” мейманканасынын жанында болот. Уюштуруучулар ыктыярчыларды түшкү тамак жана транспорт менен камсыз кылышат.

«Таза Ысык-Көл» – бул узак мөөнөттүү коомчулуктун көңүлүн көлдүн булганышына бурдурууга багытталган долбоор. Демилгечилери “Экодеми” коомдук фонду.

Пикир

Оставить комментарий