• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: Кыргызстанда коомдук жайларда 3 миңге чукул видеокамера иштеп жатат

Коом 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Кыргызстанда ички иштер органдарынын ишин санариптештирүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында укук бузууларды аныктоо жана ыкчам чараларды көрүү максатында коомдук жайларда 3 миңге чукул видеокамера орнотулган.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен 800дөн ашык видеокамера Коомдук коопсуздук кызматынын алдында Ыкчам башкаруу борборуна онлайн көзөмөлдөө үчүн кошулган, анын 100дөн ашыгы адамды жүзүнөн тануучу ситемага кошулган.

2023-жылы видеокамералардын жардамы менен 3 миңге жакын кылмыштын бети ачылды, издөөдө жүргөн 800дөн ашык (анын ичинен 100дөн ашыгы эл аралык, интерполдо издөөдө жүргөн) кылмышкерлер кармалды, ошондой эле 150гө жакын дайынсыз жоголгондор аныкталып, 200дөй мушташтын алдын алууга мүмкүнчүлүк болгон.

"Бүгүнкү күндө видеобайкоо камералары көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берип, окуяларды документтештирүүгө жана кырдаалды көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берип келет. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө видеобайкоо көчөлөрдө, турак жайларда жана башка эл көп чогулган жерлерде коопсуздуктун ажырагыс бөлүгүнө айланууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, өлкөнүн бардык аймактарында криминогендик кырдаал онлайн режиминде бирдиктүү ыкчам башкаруу борбору аркылуу 24 саат бою 7 күн көзөмөлгө алынат.

Ал эми ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ичинде, нөөмөттүк бөлүктөр жана убактылуу кармоочу жайларында 300дөн ашык видеокамера менен көзөмөлгө алынып турат.

Учурда ИИМдин демилгеси менен жергиликтүү бийлик органдар менен бирдикте дагы жүздөгөн видеокамераларды орнотуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий