• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

№1 шаардык ооруканасынын дарыгеринин видеокайрылуусу. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы эртең чыгат

Коом 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова социалдык тармактарда №1 шаардык ооруканасынын дарыгеринин видеокайрылуусу боюнча түшүндүрмө берди.

“Социалдык тармактарда №1 шаардык ооруканасынын дарыгери башкы дарыгер бейтаптарды ар кандай себептер менен кабыл албай, ал жакта иштеп жаткан медицина кызматкерлеринин иштөө шарттарына көңүл бурбай жатат деген видео тараган. Ал боюнча Саламатттык сактоо министрлигинде атайын көз карандысыз комиссия түзүлдү. Бүгүн республикалык штабда премьер-министр эртеңки күнгө карата комиссиянын ишинин жыйынтыгын чыгаруу тапшырмасын берди”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий