• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эгер медиктер жакын-туугандары үчүн атайын орундуктарды бөлүп кое турган болсо, анда аларга катуу чаралар көрүлөт - Акматова

Коом 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. Эгер медиктер жакын-туугандары үчүн атайын орундуктарды бөлүп кое турган болсо, анда аларга катуу чаралар көрүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, кечээ аталган маселе боюнча вице-премьер-министр Аида Исмаилованын катышуусунда жыйын өттү.

“Жыйында медиктердин бош орундуктарга бейтаптарды жаткырбай, аны жакын-туугандарына сактап жаткан учурлар катталса, анда катуу чаралар көрүлөрү талкууланды. Бул сыяктуу көрүнүштөр байкалса медиктерди ишинен бошотуудан тарта администрациялык жоопкерчиликкке тартылат”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий