• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

12-16-мартта өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 11.03.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 12-16-мартта өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Ага ылайык, 12-мартта түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 12-мартта күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

13-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда жана Нарын облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 13-мартта күндүз жана 14-16-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. 12-14-мартта батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, 15-16-мартта түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий