• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кышкы "Сары-Челек" – сүрөт

Коом 0

Бишкек, 22.01.20. /Кабар/. "Сары-Челек" мамлекеттик жаратылыш коругунда жапайы жаныбарлардын саны артканы байкалат. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинен билдиришти.

Корук Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан.

"Бул аймакта кыш 5 айга чейин созулат. Учурда кардын калыңдыгы 1,25 сантиметрге жеткен. Мындан улам жапайы жаныбарлар төмөн карай түшкөн. Бул жылы корукта жапайы жаныбарлардын саны артканы байкалат. Маселен, Орто Азияда жоголгон камандардын саны быйыл эки эсеге көбөйгөн", - деп билдиришти агенттиктен.

Агенттиктен белгилешкендей, аталган аймакта январь эң суук ай болуп, анда орточо температура -4..-9 С түзөт. Айрым учурда суук -27 С чейин жетет. Ал эми жайында эң жылуу ай деп июнь эсептелет (орточо температура +22 С). Күн ысыганда абанын температурасы + 40 С чейин жетет.

"Сары-Челек" коругу Кыргызстанда алгачкылардан болуп түзүлгөн. Анын аймагы дээрлик 24 миң гектарды түзөт. Андагы эң бийик чоку Музтөр болуп, бийиктиги 4 миң 247 метрге жетет.

"Сары-Челек" коругу 1979-жылы ЮНЕСКОнун "Адам жана биосфера" программасынын биосфералык резерваттардын Дүйнөлүк тармагына киргизилген.

Коруктун аймагында Кызыл китепке кирген жаныбарлар байырлап, өсүмдүктөр өсөт. Мисалы, ак илбирс, сүлөөсүн, суусар, күрөң аюу, каман, элик, тоо текеси, маралдар ж.б. бар. Ошондой жаңгак, арча, карагайлар ж.б. өсөт.

Баарына белгилүү Сары-Челек көлү "Сары-Челек" коругунда жайгашкан. Аны менен катар коруктун аймагында дагы 6 көл бар: Кыла, Арам көл, Чөйчөк көл, Ири көл жана эки чакан көл – Бакалы менен Туюк көлдөрү.

Окумуштуулардын пикири боюнча, Сары-Челек көлү 10 миң жыл мурда жер титирөөдөн кийин пайда болгон. Анын узундугу 7,5 чакырымга, эң жазы жери 2,3 чакырымга жетип, аянты 492 гектарды түзөт. Ал эми анын орточо тереңдиги 98 метр болсо, эң терең жери – 244 метр. Мындан улам ал Ысык-Көлдөн кийин эле тереңдиги боюнча Кыргызстандагы көлдөрдүн арасында экинчи орунда турат. Сары-Челек көлү деңиз деңгээлинен 1 миң 878 метр бийиктикте жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий