• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

12-апрелден тарта Бишкекте “Акылдуу шаар” долбоору ишке киргизилет

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.04.18. /Кабар/. КР өкмөтү 12-апрелден тарта Бишкекте “Акылдуу шаар” долбоорун ишке киргизет. Бул тууралуу Сапар Исаков КСДП фракциясынын жыйында өкмөттүн 2017-жылда аткарган иштери боюнча отчет берип жатып билдирди.

Анын айтуусунда, эртеңки күндөн тарта калаада жол эрежесин бузгандарды каттап кала турган үч видео көзөмөл иштей баштайт.

“Камералар Байтик Баатыр/Горький, Байтик Баатыр/Ахунбаев жана Байтик Баатыр/Токомбаев преспектилеринин кесилишине орнотулду”,-деп билдирди Исаков.

Өкмөт башчы билдиргендей, бул жабдыктар сынамык режимде үч ай иштейт. Андан соң бузуучуларга айып тууралуу квитанция жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий