• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жогорку Кеңеш эшиктерди жогорку баада сатып алууга байланыштуу түшүндүрмө берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.12.20. /Кабар/. Жогорку Кеңеш эшиктерди жогорку баада сатып алууга байланыштуу түшүндүрмө берди.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши каалгаларды жогорулатылган баада сатып алып жатат деген маалымат жарыяланган.

Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы парламенттин имаратына каалгаларды сатып алууга жана аларды орнотууга бюджеттен акча каражаты каралбаганын билдирет. Баардык сатып алуулар менен аларды орнотуу жумуштары депутаттар тарабынан чогултулган жеке каражаттардын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Эшиктердин үлгүсү менен баасы парламентчилердин өздөрү тарабынан жактырылган.

Пикир

Оставить комментарий