• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

14-октябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 14.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 14-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт, күн ачык болот.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +21…+26, Талас облусунда +20…+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунда +22…+27, Ысык-Көл облусунда +14…+19, Нарын облусунда +15…+20 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +24…+26 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий