• 88.68
  • 95
  • 0.95

Свердлов райондук милициясы гендердик зомбулукка каршы акциясына кошулду

Коом 0


Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. 25-ноябрдан 10-декабрга чейин өтүп жаткан “16 күндүк гендердик зомбулукка каршы активдүү иш-аракет” эл аралык акциянын алкагында Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук бөлүмүнүн кызматкерлери флешмоб өткөрүштү. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, бул демилгени колдоо максатында Свердлов РИИБдин кызматкерлери үй-бүлөлүк, аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча тынымсыз иш алып барууда. Андан тышкары, коомдук уюмдар менен бирдикте ар дайым тиешелүү профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө.

"Аялзаты жана балдар коопсуз коомдо коркунучсуз жашашы үчүн биз дүйнөнү өзгөртө алабыз жана зомбулуктун пайда болгон түрлөрүн алдын алып, жокко чыгарышыбыз керек. Ар бир бала кичинекей кезинен эле чоңдордун коргоосунда экенин түшүнүп жана каалаган убакта жардам сурап кайрыла алат экендигин билиши керек", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий