• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

16 миң сомун тартып алган. Бишкекте тоноого шектүү адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери тоноого шектүү жаранды кармады.

Маалыматка ылайык, 31-мартта болжол менен саат 00:45тер чамасында Бишкек шаардык милициясынын “102” кызматына тоноо фактысы боюнча маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге келген кайгуул кызматкерлерине 1987-жылы туулган К.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал өз арызында белгисиз жарандар себепсиз уруп-сабап, 16 миң сом акчасын тартып алышкандыгын билдирген.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган А.А. аттуу жаранды кармашкан.

Милициянын кайгуул кызматынан кошумчалашкандай, шектүү Свердлов ройондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Аталган факт Свердлов райондук милициясы тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкөн алынган.

Пикир

Оставить комментарий