• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

16-сентябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 15.09.18 /Кабар/. Эртең, 16-сентябрда синоптиктердин билдиргенине караганда, республиканын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

16-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаашы күтүлөт, калган аймактарда күн ачык болушу ыктымал.

Ош шаарында абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +25…+27, Бишкекте түнкүсүн +9…+11, күндүз +24…+26.

Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27. Таласта түнкүсүн +2…+7, күндүз +20…+25.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28.

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +16…+21.

Пикир

Оставить комментарий